Путин Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимге кол койду

Орусия президенти Владимир Путин Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча кыргыз-орус келишимдерин ратификациялоо тууралуу мыйзамга 8-майда кол койду. Бул тууралуу орус президентинин расмий сайтында кабарланды.

Аталган келишимдер былтыр 20-сентябрда Владимир Путиндин Бишкекке сапарынын учурунда макулдашылган. Келишимдин долбоорун февралда Жогорку Кеңеш, апрель айында Орусиянын Мамдумасы ратификациялаган. Ага ылайык, аталган долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, бирок үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү.

Учурда эки тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул максатта өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн канадалык SNC-Lavalin International Inc компаниясы тандалып алынды. Эми аталган компания 5 млн. 212 миң долларга ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемесин 5 айдын ичинде даярдап берет.

Ал эми Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын биринчисинин курулушу май айынын аягында башталаарын орусиялык “РусГидро" ишканасынын төрагасы Евгений Дод өткөн айда маалымдаган болчу. (BkA)