“Көч” тасмасы эл аралык фестивалдардын финалына чыкты

Кинорежиссерлор Артыкпай Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакуновдун "Көч" аттуу даректүү тасмасы Германиядагы Гамбург жана Польшадагы Краков эл аралык кинофестивалдарынын финалына чыкты.

Бул тууралуу аталган режиссерлор эмгектенген Кыргыз-түрк “Манас” университетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Краков кинофестивалынын жыйынтыгы 26-майдан 2-июнга чейин, Гамбург кинофестивалыныкы 4-10-июнда белгилүү болот. Фестивалдардын сыйлык тапшыруу аземине режиссер Артыкпай Сүйүндүков катышып келмекчи.

Бийик тоолор арасындагы топозчулардын турмушун чагылдырган “Көч” тасмасы буга чейин Казандагы мусулман кинолорунун фестивалында жана Катардын борбору Дохадагы даректүү тасмалардын эл аралык фестивалында баш байгени жеңип алган. Былтыр жергиликтүү “Ак илбирс” кино сыйлыгында “Эң мыкты тасма” деп табылган. (BkA)