Аба ырайы

Айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн  +7... +12, күндүз +20... +25 градус,
Талас облусунда түнкүсүн  +4… +9, күндүз  +20…+25 градус,
Баткен облусунда түнкүсүн  +6…+11, күндүз  +21…+26 градус,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8... +13, күндүз +22 ...+27 градус,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3... +8, күндүз  +16... +21 градус,
Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +17... +22 градус  болот.

12-майда Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамал батыштан, ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +9…+11 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы +22…+24 градус жылуу болот.