Ысык-Көл: жаңы төрөлгөн ымыркайды саткан деп шектелген 4 адам камалды

Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын эки тургуну, облустук бириккен оорукананын кызматкери жана Жети-Өгүз райондук Социалдык фондунун жетектөөчү адиси жаңы төрөлгөн ымыркайды саткан деген шек менен камакка алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашкандай, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ымыркай кыз Ак-Суу районундагы Бурма айылынан табылган. Топтолгон материалдын баары облустук ички иштер башкармалыгына андан ары териштирип-иликтөө жүргүзүү үчүн берилди. (EBM)