Дүйшөмбү күнү Баглан провинциясындагы жардыруудан кеминде 14 адам өлгөн. Набыт кеткендер арасында бул провинцияда жогорку кызматта иштеген Расул Мошени да бар болчу.
Полициянын айтымында, жардыргыч затты белине байланган жанкечти Пули-Хумри шаарынын администрациясынын имаратына кирип, өзүн жардырган. Учурда бул үчүн жоопкерчиликти талибдер өзүнө алганы белгилүү болду. (AiK)