Аксыда чегирткеге каршы дары чачып жүргөн учак кулады

Чукул кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, бүгүн саат 10дор чамасында Жалал-Абаддын Аксы районундагы Катраң-Сай участогунда зыяндуу чегирткелерге каршы дары чачып жүргөн учак кулап түштү. Алдын ала маалыматка караганда, АН-2 үлгүсүндөгү учакта 3 адам болгон. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жөнөп кетти. (EBM)