Ошто 2020 окуучу мектепти бүтүрдү

Бүгүн Ош шаарындагы 52 мектепте 2020 окуучу 11-классты аяктады. Бул тууралуу шаардык Билим берүү башкармалыгынан кабарлашты. Алардын айтымында калаада бүтүрүү кечесине арналган шан-шөкөттөрдү уюштуруу көзөмөлгө алынган. Коомдук тартипке жүздөн ашуун милиция кызматкерлери жана Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү көз салышууда.

Бүтүрүү кечелерин кафе-ресторандарда жана жаратылышта белгилебөө тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгы 6-майда буйрук чыгарган.

Кыргызстан боюнча 73 миңден ашуун окуучу 11-классты бүтүрүп жатат.(SE)