Аба ырайы

Кыргызстанда 25-28-май күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү, суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

27-майда Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн  +4... +9, күндүз  +20... +25 градус, Талас облусунда түнкүсүн  +3… +8, күндүз  +18…+23 градус, Баткен облусунда түнкүсүн  +5…+10, күндүз  +16…+21 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6... +11, күндүз +19 ...+24 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2... +7, күндүз  +13... +18 градус, Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +12... +17 градус болот.

Бишкекте 27-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8 градус, күндүз +22…+24 градус болот.