Керри жана Лавров Сирия маселесин сүйлөшөт

АКШ жана Орусиянын тышкы иштер министрлери: Жон Керри менен Сергей Лавров бүгүн Парижде кездешип, Сирия боюнча тынчтык конференциясынын келечегин талкуулашат. 

Жекшемби күнү Сириянын тышкы иштер министри Валид-ал-Муаллем анын өкмөтү эл аралык сүйлөшүүгө катышканга “негизинен” даяр экенин билдирди. Оппозициядагы Сирия улуттук коалициясынын өкүлү Луэй Сафи 26-майда Стамбулда "албетте, сиздерге маалым, биз Женевадагы жыйынга катышканга принцибинде макулбуз. Сирия режиминин, Асаддын режиминин максаты жана ниети тууралуу дагы да ачык-айкын сөздөрдү уккубуз келет. Буга чейинки сигналдар позитивдүү эмес болчу" -деп билдирди.

Сирия оппозициясынын исламчыл канаты  Асаддын өкмөтү  менен сүйлөшүүгө макул болбой жатат. Ирандын  сүйлөшүүгө катышканына Франция каршы чыгууда. Ливан шииттери-"Хезболла" уюмунун согушчандарынын Асадга ыктаганы жагдайды ого бетер татаалдантууда.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери бүгүн Сирия оппозициясына көмөктөшүү жагын талкуулашат.