Кыргыз өкмөтү күйүүчү майды сыртка ташууга тыюу салды

Ички базардагы таңсыктыкка жана баалардын көтөрүлүүсүнө жол бербөө максатында күйүүчү майды сыртка ташууга тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн токтому 27-майда жарыяланып, бир жылга чейин күчүндө болот.

Токтомдо айтылгандай, күйүүчү майды ташып чыгуу темир жол, автоунаа менен 10 автомашинадан кем эмес колоннада, бажылык коштоо менен гана ишке ашырылыш керек. (ZKo)