БУУ Трибуналы босниялык алты хорватты соттоду

Мурдагы Югославия боюнча Трибунал бүгүн босниялык хорваттардын мурдагы аскерий жана саясий лидерлерине 10 жылдан 25 жылга чейинки түрмө жазасын чектеди. Алар 1990-жылдары Босниядагы согуш учурундагы аскерий кылмыштары үчүн айыптуу деп табылышты.

Эң узак түрмө жазасы кезинде өзүн-өзү жарыялаган мамлекеттик түзүлүш – Герцег Боснанын мурдагы премьер- министри Ядранка Прличке берилди.

Борбору Мостар шаарында жайгашкан жана таанылбаган Герцег-Босна хорват республикасы 1991-94-жылдардын аралыгында Босния –Герцоговинанын аймагында өкүм сүргөн.  (UE)