Америкалык аскер ооган жарандарын кырганын моюнуна алды

Адвокаттардын айтуусунда, Роберт Бэйлс буга өлүм жазасынан качуу үчүн гана аргасыздан барды. Ага 2012-жылы 11-мартта Кандагарда 16 кишини, негизинен аялдар менен балдарды кырган деген айып тагылган.

Бул окуя жергиликтүү элдин нааразылыгын тутантып, америкалык аскерлерди Ооганстандагы согуштук операциясын убактылуу токтотууга аргасыз кылган.