Жети-Өгүздө өзгөчө абал жарыяланды

Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен көлдүн Жети-Өгүз районунда өзгөчө абал жарыяланды. Мындай чара жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыз кылуу, абалды жөнгө салуу жана коомдук тартипти орнотуу максатында кабыл алынды.

Өзгөчө абал тартиби бир сааттан кийин күчүнө кирет жана 10-июнга чейин уланат. Кечки саат тогуздан таңкы алтыга чейин коменданттык саат тартиби киргизилип турат.

Районго комендант болуп ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев дайындалды.

Бүгүн Барскоон айылында үч миңдей митингчи жана миңге жакын тартип коргоо кызматкеринин ортосунда кагылышуу чыгып, бир нече адам жараат алды. Кумтөргө каршы митингчилер кечээ ишкананын электрин өчүрүп таштаган, бүгүн ошол ишке тиешеси бар деп кармалгандарды бошотууну талап кылып чыгышкан. (RK)