Мектептерде мамлекеттик сынактар башталат

Бүгүндөн тарта Кыргызстандагы бардык мектептердин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик сынактарды тапшыра баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.  Маалыматка ылайык, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү 22 –июнга чейин беш сабактан сынак тапшырса, 9-класстын окуучулары 18-июнга чейин төрт сабактан сынак беришет.

Расмий маалыматка караганда, быйыл өлкө боюнча 73 миңден ашуун улан-кыз 11-классты, 100 миңге жакын окуучу 9-классты бүтүрүп жатат.(BkA)