Аба ырайы

Кыргызстанда 5-7-июнь күндөрү жаан-чачындан улам тоо этектеринде жана толуу райондордо сел жүрүшү, суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

6-июнда айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге жетет. 

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн  +13... +18, күндүз  +25... +30 градус, Талас облусунда түнкүсүн  +11… +16, күндүз  +23…+28 градус, Баткен облусунда түнкүсүн  +12…+17, күндүз  +23…+28 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14... +19, күндүз +25 ...+30 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8... +13, күндүз  +18... +23 градус, Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +18... +23 градус болот.

Бишкекте 6-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 15 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +27…+29 градус болот. (EBM)