Бишкек-Ош жолун тосуу боюнча кылмыш иши козголду

Кылмыш ишти Сузак райондук ички иштер бөлүмү козгоду. Аталган бөлүмдүн башчысы Алмаз Малабековдун “Азаттыкка” билдиришинче, жол тосулуп турган маалда жер-жемиши чирип, жарабай калган 6 адамдан арыз түшкөн. Аталган арыздардын негизинде милиция Кылмыш кодексинин “Өзүм билемдик кылуу” беренеси боюнча иш козгоду.

“Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттарынын тарапкерлери 2-июндан тарта Сузак районундагы Барпы айылынын тушунан кеткен Бишкек-Ош жолун бууп салышкан. Алар Кумтөрдү мамлекетке кайтарууну, камактагы “Ата-Журт” фракциясынын депутаттарын жана Жалал-Абад облустук акимиятын ээлеп алуу фактысы боюнча камакка алынган Медербек Үсөновду бошотууну талап кылышкан. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган кан жол шаршемби күнү түшкө жуук, Үсөнов боштондукка чыккан соң ачылды.(BkA)