Аба ырайы: чукул эскертүү

Кыргызстанда 6-7-июнь күндөрү жааган жаан-чачындан улам тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү, суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

7-июнда түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат жана ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. 

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн  +11... +16, күндүз  +27... +32 градус, Талас облусунда түнкүсүн  +9… +14, күндүз  +25…+30 градус, Баткен облусунда түнкүсүн  +9…+14, күндүз  +27…+32 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11... +16, күндүз +28 ...+33 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7... +12, күндүз  +20... +25 градус, Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +21... +26 градус болот.

Бишкекте 7-июнда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат жана ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +30…+32 градус болот. (EBM)