Бишкекте даңазалуу балбан Кожомкул Каба уулунун байгесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Ага Кыргызстандан 60тан ашык балбан катышууда. Ошондой эле Азербайжан, Иран, Орусия жана Кытай баштаган 8 өлкөдөн спортчулар келди. Бул мелдеш ушуну менен 51-ирээт уюштурулду. (EBM)