Аба ырайы: сел коркунучу бар

Кыргызстанда 7-июндагы жаан-чачындан улам тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү, суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

8-июнда күн ачык болот. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. 

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн  +12... +17, күндүз  +30... +35 градус, Талас облусунда түнкүсүн  +10… +15, күндүз  +29…+34 градус, Баткен облусунда түнкүсүн  +12…+17, күндүз  +30…+35 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14... +19, күндүз +31 ...+36 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5... +10, күндүз  +21... +26 градус, Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +23... +28 градус болот.

Бишкекте 8-июнда күн ачык болот. жаан-чачын болбойт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +31…+33 градус болот. (EBM)