Аба ырайы

Кыргызстанда 10-июнда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн  +14... +19, күндүз  +29... +34 градус, Талас облусунда түнкүсүн  +15… +20, күндүз  +28…+33 градус, Баткен облусунда түнкүсүн  +14…+19, күндүз  +28…+33 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17... +22, күндүз +30 ...+35 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10... +15, күндүз  +22... +29 градус, Нарын облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +25... +30 градус болот.

Бишкекте 10-июнда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18 градус, күндүз +30…+32 градус болот.