Чоң-Туз шахтасы үчүн митинг өтөт

Бүгүн Жогорку Соттун имаратынын алдындагы Кочкор районунун Туз айылынын тургундары нааразылык акциясын өткөрүшөт. Аталган айылдын тургуну Бердибек Жунушевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, акцияда айыл аймагындагы “Чоң-Туз” шахтасын мамлекетке кайтарып алуу талабы коюлмакчы.

Жунушев маалымдагандай, тери ооруларын айыктырчу “Чоң-Туз” шахтасын жана дарылоо комплексин өткөн бийлик учурунда Кочкор районунун мурдагы акими Курманбек Байтереков тиешелүү келишимдерсиз иштетип жүргөн. Ал 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң райондук ээлигине берилген. Бирок Байтереков жакындан тарта шахтаны кайтарып алуу аракетин баштады. Мындан улам жергиликтүү тургундар шахтаны райондун карамагына алып, мамлекеттик ишкана түзүп иштетүүнү талап кылышууда.(BkA)