“Ата-Журт” партиясынын соттолуп жаткан депутаттары июнь коогасын эскеришти

“Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев, фракция башчысы Садыр Жапаров жана депутат Талант Мамытовдун соту бүгүн үч жыл мурунку коогалаңда набыт болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Ошондой эле соттолуп жаткан Камчыбек Ташиевдин өтүнүчү менен июнь окуясында курман болгондордун арбагына багышталып, куран окулду.

Бишкек шаардык сотунда “Ата-Журт” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаттарына карата Биринчи Май райондук сотунун чечими каралууда.(ZKo)