УКМК барымтадан бошогон кыргыз жараны боюнча түшүндүрмө берди

Ооганстанда кыргыз жаранын бошотуу боюнча талиптер менен сүйлөшүүнү Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү жүргүзгөн. 

УКМК тараткан билдирүүгө ылайык, Нургазы Конушбеков 9-июнда бошотулган. Өкмөттүн маалымдашынча, ал эртең таңга маал Бишкекке учуп келет. Буга чейин кыргыз жаранынын бошотуу иштерин президент Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүнө алган болчу. (EBM)