Иран бийлиги Би-Би-Си жана "Фарда" радиосунда иштегендердин жакындарын коркутууда

Би-Би-Си жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иран кызматы ("Фарда" радиосу) Тегеран режими бул эки компанияда иштеген адамдардын жакындарын коркутуп-үркүтүп жатканын билдиришти.

Би-Би-Синин ырастоосунда, Ирандын атайын кызматтарынын агенттери фарсы редакциясында иштеген 15 кишинин жакындарына эскертүү берген. Туугандары Би-Би-Сиде иштөөнү токтотушпаса, Лондондогу жашоолору кооптуу болуп калаарын айтып коркутушкан. Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын жетекчилеринин бири Лилиан Лэндор маалымдагандай, жумушсуз же пенсиясыз каласыңар, Ирандан башка өлкөлөргө чыга албай каласыңар өңдүү сөздөр айтылган. 

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иран кызматынын ("Фарда" радиосунун) директору  Арман Мостафи коркутуп-үркүтүүлөр “акыркы бир нече жумада, бийлик шайлоо процессин толук көзөмөлдөөгө тоскоолдуктар түзүлбөш үчүн чараларды күчөткөндө көбөйгөнүн” кошумчалады.