Бишкекте кароосуз калган 30 бала кармалды

14-июнда Бишкекте көчөдө калган жана көчөдө иштеп жүргөн балдар боюнча атайын рейд өтүп, 30 бала кармалды. Алардын 24ү милициянын өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылды. 4 бала ата-энесинин колуна тапшырылды, 2 бала жашаган даректери боюнча жиберилди. Мындан тышкары жумушка тартылган балдарды иштеткен адамдарга эскертүү берилди.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча баланы жалдап иштетүүгө тыюу салынып, ал үчүн жоопко тартуу каралган. (BkA)