Бишкектеги Анкара көчөсүнүн жолун оңдоо башталды

Бишкектин негизи магистралдарынын бири болгон Анкара (мурдагы Горький көчөсү - ред.) көчөсүнүн жолун оңдоо иши башталды. Шабдан баатыр жана Мухтар Ауэзов көчөлөрүнүн ортосундагы 5 чакырым жолдун асфальтын жаңыртууга 236 миллион сом сарпталат. Бул акча түрк өкмөтү бөлгөн кредиттен алынат. Учурда жолдун туурасы 12 метр. Оңдолгондон кийин дагы 4 метрге кеңейет. Жол оңдолуп бүткөнчө Кара-Жыгач жаңы конушунун кире бериши жабык болот.

Быйыл жаздан тарта Бишкек мэриясы шаардагы жарабай калган унаа жолдорду оңдой баштады. Жолдун боюндагы тротуарлар да ирээтке келтирилип, жол белгилер жаңыртылууда. (RK)