Баткен: Тосулган жол кайра ачылды

Баткенде Ош – Баткен унаа жолунун Кызыл-Кыя – Кадамжай участогу бир жарым саат буулуп кайра ачылды. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, учурда райондо кырдаал туруктуу, жол кыймылы кайра калыбына келди.

Түндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Гүлпиян айылында өзбек чек арачылары кыргызстандык жаран, 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүрүп койгон. Күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган эки жүздөй киши бүгүн Гүлпиянга жыйылып жол бууган. (RK)