Жети-Өгүз: башаламандык иши кайра тергелет

Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, май айындагы Жети-Өгүздөгү нааразылык акциясындагы башаламандык боюнча аталган райондун сотуна  7 административдик иш келип түшкөн.  Бирок бул иштерде күнөөлүүлөр толук аныкталбагандыктан, кайрадан тергөө үчүн Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө кайтарылып берилди.

Өткөн айда Жети-Өгүздүн Саруу айылында башталып, Кумтөрдү иштеткен компанияга социалдык талаптарды койгон митинг чоң акцияга айланган. Митингчилер менен милиция ортосунда жаңжал чыгып, райондо бир нече күн өзгөчө абал жарыяланган.(BkA)