Кытай Кыргызстанга аскердик техникадан жардам берүүнү улантат

Бүгүн Кыргызстандын Коргоо министрлигине караштуу Бишкектен тоо этек ылдый Кой-Таштагы аскер бөлүктөгү Кытайдан келген аскердик-техникалык жабдуулар тапшырылат. Иш-чарага эки өлкөнүн коргоо министрлери катышат.

Расмий маалыматка ылайык, 1999-жылдан бери Кытай Кыргызстанга 11 миллион долларлык аскердик жабдуу жактан жардам көрсөткөн.  Ошондой эле 2011-жылдагы эки тараптуу макулдашууга ылайык, расмий Бээжин Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери үчүн үй курууга 75 миллион юань берген. Учурда 54 батирлүү  көп кабаттуу эки үй курулуп жатат. (EBM)