Евробиримдик Сербиянын мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөргө старт бериши мүмкүн

Маселени Евробиримдиктин лидерлери бүгүн Брюсселдеги саммитинде карап жатышат. Эгер лидерлер “Сербиянын биримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүнү баштаса болот” деп чечсе, талкуулар январга чейин башталышы керек.

Биримдикке мүчөлүк алуунун башкы талабы - Сербия андан өз алдынча бөлүнүп, көз карандысыздык жарыялаган Косово менен мамилесин оңдошу керек эле. Апрелде Сербия менен Косово көптөгөн жылдарга созулган кээде кандуу тирешүүнү токтотуп, мындан ары ынтымакта жашоого даярдыгын билдирген макулдашууга кол коюшту. Ага ылайык, Косовонун түндүгүндө жашаган 40 миңдей серб борбордук бийликтен автономия алат.