Грузияда президенттик шайлоо 27-октябрда өтөт

Бул боюнча буйрукка өлкөнүн азыркы президенти Михаил Саакашвили кол койду. Ал өзү конституцияга ылайык президенттикке талапкер боло албайт, себеби 2004 жана 2008-жылы эки жолу президент болуп шайланган.

Азырынча үч талапкер белгилүү.  “Грузин кыялы” башкаруучу коалициядан азыркы вице-премьер жана билим берүү министри  Георгий Маргвелашвили сунушталды. Оппозициялык «Лейбористтик партия» лидери Шалва Нателашвилини сунуштады. Президенттикке дагы бир талапкер  - парламенттин мурдагы  спикери Нино Бурджанадзе. Президенттик  партиядан талапкер июлдун акырына чейин аныкталат (AiK).