Токтогул суу сактагычында суу аз

Эң чоң чөйчөктөгү суунун көлөмү бүгүн 13 млрд. 813 млн. кубметрди түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 3 млрд. кубметрге аз. Ушул тапта суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 794 кубметр, ал эми агып чыккан суу 241 кубметрди түзөт.

Адистердин айтуусунда, суунун азыртан аз болуп жатышы –күз-кыш айларында электр энергиясын үнөмдөөгө мажбур кылат.(ZKo)