Обама мусулмандарды орозо айынын башталышы менен куттуктады

Ыйык Орозо айы менен өз өлкөсүндөгү жана бүтүндөй дүйнөдөгү мусулмандарды АКШ президенти Барак Обама да куттуктады.

"Орозо эркиндик жана ар-намыс ар бир адамдын укугу экенин эске салат. Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада көптөгөн адамдар эң негизги укуктары үчүн күрөшүп келатышат. Миллиондогон качкындар орозону үйлөрүнөн алыс жерде өткөрүүгө мажбур", - деген президент Кошмо Штаттарында америкалык мусулмандар өлкөнүн гүлдөп өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатышканын белгиледи. Обама быйыл да буга чейинки жөрөлгөнү улантып ишкер, активист, маданий ишмерлерди Ак үйгө иптарга чакыраарын кошумчалады.