Москвада аттракциондогу кырсыктан 11 адам жабыркады

Кечээ Москвадагы зоопаркта подиум кулап түшүп, 11 адам жабыркады. 8 адам анын ичинде бир наристе ооруканага жеткирилди.

Кырсык “Жирафты тойгузуу” аттракционунда болгон. Көп жааган жаандан улам  бул аттракцион жабык турган, бирок ага карабай 1 адам подиумга чыкканда ал кулап түшкөн. Бул тууралуу журналисттерге маданият боюнча шаардык департаменттин жетекчиси Сергей Капков билдирди.