Тажикстанда киберкаракчылык үчүн үч адам кармалды

Тажикстандын ички иштер министрлигинин өкүлү Махмудулло Асадуллаевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, алар уюлдук телефондор үчүн SIM карталарды жасоо максатында Швециянын TeliaSonera байланыш операторуна караштуу Indigo-Tajikistan компаниясынын маалымат базасына кирип, уурулук кылган деп күнөөлөнүүдө. Анын кесепетинен Indigo-Tajikistan 150 миң доллар чыгым тарткан. Эгерде үч киберкаракчынын айыбы далилделсе, алар компаниянын чыгымын төлөгөндөн башка да эки жылдан абакка кесилиши мүмкүн.