Панфиловчулар эскерилет

Бүгүн Бишкектеги Панфилов сейил багында Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун 120 жылдыгына жана ал жетектеген 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөнүнүн 72 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул  иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, коомдук ишмерлер, студенттер катышат. Анда панфиловчулардын Ата Мекендик согуштагы эрдиги эскерилип, эстеликтерине  гүлчамбар коюлат.  Ушундай эле иш-чара 12-июлда Токмок шаарында да уюштурулат.(BkA)