Орусия Лондон Браудерди берүүдөн баш тартканын билдирди

Москванын Тверь райондук соту британиялык Hermitage Capital фондунун жетекчиси, британ жараны Уильям Браудер менен орусиялык адвокат Сергей Магнитскийди салык төлөөдөн качканы үчүн “айыптуу” деп таап, Браудерди тогуз жылга сырттан эркинен ажыратты.

“Браудер тогуз жылга эркинен ажыратылып, жалпы режимдеги колонияга жиберилсин жана үч жыл Орусиянын аймагында ишкердик жүргүзүү укугунан ажыратылсын", - деп өкүм чыгарды сот Игорь Алисов.

Уильям Браудердин адвокаттары соттун өкүмүн арыздана тургандыгын билдиришти.

Соттук иште Магнисткий аталган фонддун жетекчиси Уильям Браудердин көрсөтмөсү менен салыкты жашыруунун схемасын түзүп чыгып, мамлекетке келтирилген чыгым 522 миллион рублди түзгөнү көрсөтүлөт.

Орусиялык Сергей Магнитский 2009-жылы Москвадагы убактылуу кармоочу жайда көз жумган. Камакта отурганда саламаттыгы начарлап бараткандыгын айтып, бир нече ирет кайрылганы менен өз маалында жардам болгон эмес.