Чолпон-Атада ШКУнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүүдө

Жыйынга ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жана Казакстандын тышкы министринин орун басары катышууда. Жыйында быйыл 13-сентябрда Бишкекте өтө турган ШКУнун өлкө башчыларынын саммитине даярдыктар талкууланып, анда каралчу маселелер бекитилмекчи.

Шанхай кызматташтык уюму 1996-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Иран, Индия, Монголия, Пакистан жана Ооганстан уюмда байкоочу макамга ээ. (BkA)