Орусия, казакстандык адистер Кыргызстандын сүт ишканаларын текшерүүдө

Сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды текшерүү 16-июлда Таластан башталып, эми Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы ишканалар текшерилет. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына караганда текшерүүгө он беш чакты ишкана тартылат. Арасында: “Шоро”, “Үмүт” сыяктуу белгилүү ишканалар бар.

Өткөн жылы Казакстан Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарын импорттоодон баш тарткан. Ага себеп Кыргызстандагы ветеринардык кырдаал жана малдын идентификацияланбаганы деп түшүндүрүлгөн.(ZKo)