Укук коргоочулар Орусиядагы мигранттардын абалы менен таанышат

Бүгүнтөн тарта кыргызстандык укук коргоочулар Орусиянын бир нече шаарына барып, мигранттардын абалы менен таанышат. Бул тууралуу “Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, укук коргоочулар Москва, Санк-Петербург, Екатеринбургдагы мигранттар менен жолугушуп, аларга укуктук жардам көрсөтмөкчү.

Укук коргоочу атайын иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында мигранттардын абалын оңдоо боюнча өкмөткө сунуштар берилмекчи. Укук коргоочулар Орусиядан соң Казакстанга барууну пландап жатышат.(BkA)