Он миңдеген адамдар аны Рио-де-Жанейродо тосуп алышты. Бул анын Католик чиркөөсүнүн башчылыгына келгенден кийинки алгачкы чет өлкөгө сапары. Ал бул өлкөдө Бүткүл дүйнөлүк католик жаштарынын күнүн белгилөөгө катышат. Папанын келишин өкмөткө каршы күчтөр өз пайдасына колдонуп, ири нааразылык акцияларын өткөрүштү. Айрым жерлерде полиция менен кагылыштар болгону да айтылууда.