Жети-Өгүздө кырсыкка учурагандардын тек жайы аныкталды

Жети-Өгүздөгү жол кырсыгында каза тапкандардын улуусу 61, кичүүсү 16 жашта болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсыкка учурагандардын бирөөсүнүн аты-жөнү азырынча белгисиз болууда.

Кырсыкта каза тапкандардын аты-жөнү: 

1. Асанов Ж.Ж. 1970-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну, унаанын айдоочусу;
2. Мусаев Э.М. 1952-ж.т., Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;
3. Калканова К.Ж. 1975-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
4. Байдылдаева А.О. 1991-ж.т., Ак-Суу районунун Кереги-Таш айылынын тургуну;
5. Нурбек уулу Эрлан. 1997-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
6. Байсеркеев У.Д. 1980-ж.т., Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;
7. Асантаева Н.К. 1970-ж.т., Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;
8. Тургунбекова Н.А. 1975-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
9.  Жумалиев А.А. 1998-ж.т.,  Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
10. Поляков В.А. 1953-ж.т., Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;
11. Султангазиева Ч.С. 1971-ж.т., Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылынын тургуну;
12. Мукамбетова К.Б. 1976-ж.т., Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;
13. 40-45 жаштагы азиат улутундагы эркек адам.

Жабыркагандар:

1. Касенов А.Б. 1980-ж.т., Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;
2. Жумалиев Н.К. 1998-ж.т., Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;
3.  Мамытов С.Ж. 1998-ж.т., Ош облусунун Алай районунун тургуну;
4.  Супатаева А.К. 1982-ж.т., Тоң районунун Ак-Сай айылынын тургуну;
5.  Касымбеков К.К. 1992-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
6.  Асаналиев Ч.К. 1989-ж.т., Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын тургуну;
7.  Шаршеева Н. 1968-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
8.  Акылбекова Г.2008-ж.т., Н. Шаршееванын кызы;
9.  Абдырахманова Н. 1990-ж.т., жашаган жери такталууда.

23-июлда күндүзгү саат төрт жарымдар чамасында Караколдон Жети-Өгүздүн Кабак айылына багыт алган кичи автобус жол кырсыгына учураган. Кырсык болгон учурда 10 адам мүрт кетип, 3 адам кийин ооруканада каза тапты. Учурда 9 адам Караколдогу облустук ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен үчөөнүн абалы оор экени айтылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кичи автобустун айдоочусу катуу ылдамдыктан улам унааны башкара албай калганы кырсыкка себеп болгонун билдирди. (КЕ)