Улуттук гвардияга жаңы командачы келди

Асанбек Алымкожоев Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командачысы болуп дайындалды. Буга байланыштуу буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.

Полковник, генерал-майор Алымкожоев буга чейин коргоо министринин орун басары, Баткен губернаторунун орун басары кызматын аркалаган.

Президенттин башка буйругуна ылайык, Мирбек Имаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук гвардиянын командачысы кызматынан бошотулду. (КЕ)