Майлуу-Суудагы "Сууканал" ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иш козголду

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Майлуу-Суу шаарындагы "Сууканал" ишканасынын кызмат адамдары материалдык баалуулуктагы буюмдарды сатып алууда жалган бааларды коюу менен бюджеттик каражаттарды ыйгарып алышкандыгын аныктады. Мындан улам мамлекеттик казына болжол менен 2 миллион сом зыян тартканы белгилүү болду. Буга байланыштуу УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармасынын тергөө бөлүмү "мүлк ыйгарып алуу, же жок кылуу, кызмат абалынан пайдалануу" деген беренелер боюнча кылмыш иш козгоп, тергөө иши жүрүүдө. Бул тууралуу УКМКнын маалымат бөлүмү кабарлады. (YA)