Иракта жанкечтинин чабуулунан 8 полициячы өлдү

Ирактын түндүгүндө автомобили миналанган жанкечти полициянын кербенине чабуул койду. Туз Курмати шаарчасындагы бомба чабуулунан сегиз полициячы курман болду. Тогуз полициячы жараат алды. Иракта июль айында эле  куралдуу зобун-зордуктардан 720дан көп адам өлдү.