Тунисте полиция демонстранттарды газ чачып тынчытты

Тунис полициясы өткөн түнү өлкө түштүгүндөгү Сиди-Бузид шаарында болгон демонстрацияны көздөн жаш агызчу газ колдонуп таркатты. Полиция өлкө байтакты Тунисте жана башка шаарларда да демонстранттарга каршы газ колдонду. Сиди-Бузид Тунис оппозициясынын бейшемби күнү киши колдуу болуп өлгөн дүниябый лидери Мохаммед Брахми туулган шаар. Брахми кечээ Тунисте акыр сапарга узатылып жатканда миңдеген адамдар антиөкмөттүк ураандарды кыйкырып жатышты. Анын сөөгү февралда атып өлтүрүлгөн оппозиция лидери Чокри Белайиддин жанына коюлду. Өкмөт Брахиминин өлүмү үчүн ислам экстремисттерин күнөөлөдү.
Брахими өлтүрүлгөндөн кийин Тунисте жагдай кескин курчуп кетти. Жагдайды жөндөө максатында башкаруучу байистүү ислам партиясы “Эннахда” менен коалицияга кирген партиялар жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү башталганын жарыя кылды.