Түптө катуу шамалдан үйлөр жабыркады

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жарандык коргонуу комиссиясынын адистери катуу шамалдан жабыркаган үйлөр боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, Талды-Суу айыл аймагынын Коочу айылында 28-июлда кечинде катуу шамал жүрүп, алдын ала маалымат боюнча, терек кулап, ВАЗ үлгүсүндөгү унаанын бир капталына тийген, бир турак үйдүн 3 даана шиферин учуруп кеткен. Ал эми Чоң-Таш айыл аймагындагы Жылуу-Булак айылында 3 турак үйдүн 19 даана шиферин алып кеткен. (RK)