Көлдө жер титиреди

Бүгүн Кыргызстандын аймагында жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, эртең мененки саат 10:25те Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 2 чакырым жерде күчү 2 балл болгон жер титирөө катталды. Караколдун өзүндө жана Челпек айылында 2 балл болуп сезилди. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. (RK)