АКШ мамкатчысы Жон Керри Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө сүйлөшүүнүн алгачкы бөлүгү оң жагдайда өттү деп билдирди:
-Бул жерде тараптар соңку макамды аныктоочу маселелер, негизги маселер, калган маселелердин баары сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде болот деп макулдашты. Алар күн тартибине жөнөкөй эле максат менен – жаңжалды жана өз ара дооматтарды токтотуу үчүн киргизилет.
Израил-Палестин сүйлөшүүлөрүнүн катышуучулары шейшембиде АКШ президенти Барак Обама менен жолугушкан. Эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр 2010-жылдан бери быйыл, 29-июлда жанданды. Анын алдында Израил камактагы 104 палестиндикти бошоткон.