Энелердин арманы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстандагы камакта жаткан кыргызстандык малчылардын энелери “Азаттыкка” арызданып келди. 24-июлда сот алардын баш коргоо чарасы тууралуу арызды карап, эки ай камоо тууралуу чечим чыгарган болчу. Кармалган 7 жаран учурда Казакстанда райондук милициянын убактылуу тергөө абагында отурат. Түп районундагы Корумду айылынын жогору жагындагы Көк-Көл жайлоосуна жайкысын эл мал жаят. Казакстан менен чектешкен жайлоодо малдын кошуна өлкөнүн аймагына өтүп кеткен учуру көп эле болот. Аталган айылдын 9 жаранын казак чек арачылары 11-июлда кармап кетип, кийинчерээк экөөнү кайра бошоткон. Алар чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталып жатат. Бирок кармалгандардын жакындары мал издеп жүрүп колго түшкөнүн айтууда. (Эланора Мамбетшакирова, Мирлан Токталиев)